Мугалим, тергөөчү, дарыгер... Ар тармактагы айымдар тууралуу баяндайбыз

Бүгүн, асылзаада айымдардын майрамы. Бул күндү белгилөө жөрөлгөсү алгач аялдардын укуктары үчүн күрөшүүдөн башталган. Ал эми азыркы учурда 8-мартты аялзатынын жана жаз майрамы катары өткөрүп келебиз.

Бул күндүн жаралуу тарыхы он тогузунчу кылымга барып такалат. Анда америкалык тикмечи айымдар теңчилик үчүн 1857-жылы 8-март күнү Нью-Йорк шаарында көтөрүлүшкө чыгышкан. Ал эми Америкалык Социалисттик партия 1909-жылы февраль айынын акыркы дем алышын Аялдардын улуттук күнү деп жар салган. Ошентип Аялдар күнүн белгилөө алардын экономикалык жана коомдук абалын теңдөө күрөшүнө айланган.

Ал эми Аялдардын Эл аралык күнү Клара Цеткиндин сунушу менен 1910-жылы кабыл алынган. Айымдардын майрамы айрым европалык өлкөлөрдө 1911-жылы Орусияда 1913-жылдан бери белгиленип келет.

SUPER.KG порталы бул күнгө карата коомдун өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан айымдар тууралуу баяндайт.

Мугалим - бүтүндөй бир муунду, келечекти калыпка салган кеменгер демекчи, мугалимдин адамзат турмушундагы орду эбегейсиз. Кептин башы келечек кесип ээлерине билим берген мугалим Наргиза Калыбекова тууралуу болсун. Ал учурда Бишкек Мамлекеттик университетиндеги студенттерге сабак берет. Калыбекова студенттер менен иш алып баруу абдан кызыктуу экенин айтып өттү.

“Студенттер менен иштөө абдан кызыктуу, анткени журналистика жана реклама коомчулук менен байланыш багытындагы студенттер аябай талаттуу, чыгармачыл, идеяга бай болушат. Мен бул кесипти аркалаганыма өкүнбөйм, себеби мен бул кесип менен өзүмдү таптым. Жумушум мага көптөгөн адамдар, долбоорлор менен иштешүүгө, чет өлкөгө чыкканга мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди. Психология жаатында дагы көптөгөн тажырыйбаларды алдым. Адамдар менен, студенттер, жаштар менен кантип иш алып баруу керек экенин үйрөндүм десем болот”.

Ар дайым мекендин, жарандардын тынчтыгы үчүн күрөшүп келген бул милиция кызматкерлери. Аталган тармакта эмгектенген айымдар дагы аз эмес, алардын бири Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Айсулуу Казакова. Учурда жолдошу Нурсултан Нурдамиров экөө эки баланы тарбиялап келишет. Казаковадан эмне үчүн бул кесипти тандап алганын сураганыбызда төмөнкүлөргө токтолду.

“Атам менин кичинекей кезимде орустардын криминал сериалдарын аябай көрчү эле. Мен дайыма жанына отуруп алып, кинодогу тергөөчүлөргө кызыкчумун. Ошондон улам 6-7 жашымдан эле тергөөчү болууну кыялданчу элем. Мектепте окуп жүргөн кезимде Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин жанынан өтүп баратып кийин ушул жерде окуйм дейт элем. Кичинекей кезимдеги кыялым орундалып, ошол окуу жайды аяктадым. Учурда ошол тармакта иштеп келе жатам. Бизде жумуш учурунда кызыктуу эмес, кайгылуу окуялар болот. Бир жумада бир суткага нөөмөткө турабыз, 24 саат ичинде бизге тиешелүү аймактардын коопсуздугун карайбыз”, - дейт тергөөчү.

Эми элге жакшы маанай тартуулап, чыгармачыл чөйрөдө жүргөн айымдарга дагы токтололу. Алардын бири ырчы Айпери Кулбаева. Анын аткаруусундагы көптөгөн ырлар элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келет. Ал эми ырчы айым бала кезинен бери эле ырга жакын экенин, чыгармачылыкка болгон кызыгуусу окуп жүргөндө эле пайда болгонун айтты.

“Бул кесипти аркалап калганымдын себеби мен кичинекей кезимден бери эле сахнада жүрөм. Бала кезде ырчы болуп, элиме кызмат кылсам деп жүруп, музыка мугалими деген кесипти тандап алгам. Мектепте окуп жүргөн кезде эле иш-чараларга активдүү катышчумун. Андан сырткары ал убакта айылдагы үйлөрдө тойлор болот эле, айылдаштарым Айпери ырдасын деп калышчу. Ошентип ырдап жүрүп, ата-энемдин колдоосу менен, Ош мамлекеттик университетине бюджетке окууга өттүм. Ал жактан мага беш жыл стипендия төлөп беришти. Ал жерден дагы талантымды мугалимдер баалап, университеттин иш-чараларына активдүү катышып жүрдүм. Андан соң жакшылыктарга, тойлорго чакыруулар болуп жатты. Мен өзүмдүн ырларымды, клиптеримди жаздым. Ошентип калың журттун жүрөгүнөн тунөк таап, ушул күнгө жетип олтурам”.

Ар дайым биздин ден соолугубузга кам көргөн дарыгерлер тууралуу бул чыгарлышта дагы баяндайбыз. Ал эми ден соолуктун чың болушу биздин туура тамактануубузга байланыштуу экенин диетологдор ар дайым айтып келет. Алардын бири Тунукай Рысова. Каарманыбыз өзүнүн жумушу тууралуу төмөнкүлөргө токтолуп өттү.

"Негизи биздеги 90 пайыз ооруулардын башаты бул - туура эмес тамактануудан келип чыгат. Сиздин азыркы абалыңыз, ден соолугуңуздагы диагноздоруңуз көп жылдык кандай тамактангандыгыңыздын жыйынтыгы. Бирок эч качан кеч эмес. Сиз азыр деле туура тамактанып кан басымыңызды жакшыртсаңыз болот. Кандагы глюкозанын деңгээлин түшүрсөңүз, ашыкча салмактан келип чыккан оорууларыңыздан арылсаңыз болот. Бетиңизге бырыш, так түшүп жатса тамактанууңузду оңдоп, тактарды, бырыштарды жок кылууга болот. Эгерде жаштыгыңызды сактагыңыз келсе, анда сөзсүз тамактанууга чоң маани бериңиз, себеби ден соолукка жол туура тамактануудан башталат", - дейт диетолог Тунукай Рысова.

Арабызда биздин каармандарыбыз сыяктуу ар тармакта эмгектенип, ийгилик жараткан айымдарыбыз арбын. Алардын жасап жаткан ийгилигин, өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошуп жаткан салымын эч ким тана албайт.

Арактуу айымдар, сиздер бар үчүн биздин жашообуз жаркын жана кооз. Майрамдык маанай мыкты деңгээлде улансын! Ар дайым бар болуңуздар!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан