Депутат Сулайманов "Charge fast" каржы пирамидасына чара көрүүнү талап кылды

Бүгүн, 7-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов өлкөдө Charge fast - “Тез заряд” деп аталган каржы пирамидасынан жабыр тарткандар көбөйүп жатканын айтып, анын уюштуруучуларына чара көрүүнү талап кылды.

Эл өкүлү компания өлкө аймагында акыркы убактарда өтө күчтөнүп кеткенин, алданып калган жүздөгөн адамдар кайрылып жатканын билдирди. Ал Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында, Токтогул шаарында, Ош облусунда, Ысык-Көл облусунда жана башка облустарда жабыр тарткандар ага кайрылганын белгиледи.

Сулайманов фирманын эсебинде акча каражаты табылганын укканын айтып, аны камакка алып, жабырлануучуларга кайтарып берүү керектигин айтты.

Эске салсак, Charge fast - “Тез заряд” каржылык компаниясынын эки өкүлү – 33 жана 29 жаштагы кыздар алгач 2-мартта Бишкек шаарында кармалган.

4-мартта Каракол шаарында каржылык топко тиешеси бар 47 жана 49 жаштагы эки аял кармалган.

Ошондой эле 4-мартта компаниянын эң негизги уюштуруучуларынын бири 48 жаштагы жаран жана 29 жаштагы дагы бир жаран Бишкектен кармалган.

Жогорку Кеңеш 07.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан