Бишкекте "Chargefast" каржы пирамидасынын негиздөөчүсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-маррта Ички иштер министрлиги билдирди.Эске салсак, "Charge fast" (Тез заряд) каржылык компаниясынын эки өкүлү – 33 жана 29 жаштагы кыздар алгач 2-мартта Бишкек шаарында кармалган. Ал эми 4-мартта Каракол шаарында каржылык топко тиешеси бар 47 жана 49 жаштагы эки аял кармалган.
Ошондой эле 4-мартта компаниянын эң негизги уюштуруучуларынын бири 48 жаштагы жаран жана 29 жаштагы дагы бир жаран Бишкектен кармалган.
Бул маселе бүгүн, 7-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлүп, анда депутат Кундузбек Сулайманов өлкөдө "Charge fast" деп аталган каржы пирамидасынан жабыр тарткандар көбөйүп жатканын айткан.