Орозо кармоонун тартиби: Орозодо эмнелерге уруксат берилет, эмнелерге тыюу салынат 

Бул жылы Кыргызстанда Орозо айы 11-мартта башталып, Орозо айт майрамы 10-апрелге белгиленди.

Бир жылда отуз күн орозо кармоо, тагыраак айтканда, күн бою наар тартпай жүрүү – ислам дининдеги негизги беш парздын бири болуп эсептелет.

Ал эми SUPER.KG порталы Орозо кармоонун эрежелери тууралуу ажы Бактияр Токтогазы уулу менен маек курду.

Орозону туура кармоонун жол жобосун айтып кетсеңиз, эмнелерге жол бербеш керек?

- Орозодо баарыбызга белгилүү болгондой, таң аткандан күн батканга чейин тамак-аш, суусундуктан карманат. Орозо исламдагы негизги беш парздын бири, аны балагатка жеткен, акыл эси ордунда болгон бардык адамдар кармайт. Орозонун алгачкы күндөрүндө унутуп калып тамак-аш жеп, суу ичип алышы мүмкүн. Бул нерседен орозо бузалбайт, эсине келген учурдан улантып кармай бериши керек.

Орозо учурунда ийне сайдырса болобу?

- Орозо учурунда ийне сайдырса, кан алса орозосу бузулбайт. Эгер дары ичкен болсо анда албетте бузулат.

Орозо кармаган адамдарга чылым чегүүгө уруксат берилеби?

- Негизи ислам дининде чылым чегүүгө, алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө тыюу салынат. Бирок ошого карабастан биздин жарандарда чылым чеккендер бар. Орозо учурунда чылым чексе, орозосун бузуп коёт. Ал эмм ооз ачкандан кийин чегем дегендерге айтарым, ыйык Рамазан айында такыр эле чекпей койсо ошол жакшы болот.

Орозо кармаган жаран шилекей жутса болобу?

- Орозо кармаган адам шилекейин жутса болот. Кээ бирөөлөр түкүрүп туруш керек дешет ал адамдагы табигый нерсе шилекей жутса орозо бузулбайт.

Орозо учурунда денеден, ооздон кан, ириң акса орозо бузулабы?

- Бул учурда дагы орозо бузулбайт. Эгерде тиши же оозу канап кетип, ошол канды түкүрбөй жутуп алса орозо бузулат.

Рамазандан башка айларда дагы орозо кармаса болобу?

- Рамазан айында орозо кармоо парз, ал эми башка айларда сооп иретинде кармаса болот. Мисалы: пайгамбарыбыз дүйшөмбү, бейшемби күндөрү, ай толгон күндөрү үч күн кармаган.

Кош бойлуу айымдар, ооруп жаткан адамдар орозо кармашы керекпи?

- Исламда кош бойлууларга, бала карап жаткан энелерге оозун убактылуу ачып турганга уруксат берилет. Бирок алар эмизүүнү токтоткондон кийин бир канча күн орозону өткөрүп жиберсе ошону кармап бериш керек. Ошондой эле ооруп жаткан адамдар, эгер дарыгер орозо кармаба десе орозо учурунда кармабайт, бирок карыз орозолорун милдеттүү түрдө кармап берүүсү керек.

Орозо учурунда ооз чайкоого, сууга түшүүгө уруксат берилеби?

- Болот. Бирок этияттык менен себеби, оозго, кулакка кирип кетүүсү ыктымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан