Балдары менен вагондо жашаган Айгүл эсиңиздеби? Ал 8-мартта таанылгыс болуп өзгөрдү (видео)

SUPER.KG порталынын "Мен өзгөргүм келет" долбоорунун каарманы буга чейинки «Тагдыр» чыгарылышыбыздагы Айгүл Эргешова болду.

Эске салсак, буга чейин SUPER.KG порталы "Дордой" базарында кайыр сурап 3 баласын багып келген Айгүл Эргешованын жашоо турмушун чагылдырган. Анда ал кышында суукта вагондо жашап жатканын айтып берген. Майрамда Айгүл айымды майрамы менен куттуктап, өзгөртүүгө аракет кылып көрдүк.

Ал SUPER.KG порталы жашоо турмушун чагылдырып бергенден кийин акчалай, кийим-кече жана башка көп жардам келгенин айтты.

"200 миң сомдой жардам беришти, андан тышкары стол сыяктууу буюмдарын беришти. Кудайга шүгүр азыр баары жакшы, кыргыз элиме абдан ыраазымын", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан