Бишкекте шаардын көркүн бузгандарга жалпы 763 миң сом айып пул салынды (фото)

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы белгиленбеген жерлерге таштанды же башка калдыктар ташталган учурларды аныктап, жалпы 763 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 12-мартта борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузуу боюнча рейд жүргөн. Күндө жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, аларга карата айып протоколдору түзүлдү. Жалпысынан Бишкек шаары боюнча 58 протокол түзүлүп, салынган айып пулдардын жалпы суммасы 763 миң сомду түздү.

Мыйзамды бузуп, айып алган жерлер:

Шерой" ЖЧКсы 114-берене боюнча 13 000 сом,

"Тагай Бий" курулуш компаниясы ЖЧКсы 114-берене боюнча 13 000 сом,

Шаар тургуну Калабек уулу К. 115- берене боюнча 5 500 сом,

Шаар тургуну М. Байтикова 115-берене боюнча 7 500 сом,

"Оптима курулуш компаниясы" ЖЧКсы 115-берене боюнча 23 000 сом,

“Роял Констракшн” ЖЧКсы 114- берене боюнча 13 000 сом,

"Умай Групп" ЖЧКсы "Глобус" гипермаркетине 114-берене боюнча 13 000 сом,

"Эмарк курулуш" ЖЧКсы 179- берене боюнча 17 000 сом,

“Аманат курулуш Инвест” ЖЧКсы 177-берене боюнча 23 000 сом,

“Шоро” компаниясына 114-берене боюнча 13 000 сом,

"Бек, - Нур фарум" ЖЧКсы 5 000 сом.

Мындан тышкары мыйзам бузган дагы бир нече чарба жүргүзүүчү субъектилер аныкталып, аларга айып протоколдору толтурулганы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан