
Кыргызстан БУУнун Адамзат өнүгүү индекси боюнча "жогору" өнүккөн өлкөлөрдүн тобуна кирди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары
Эдил Байсалов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
Байсалов БУУнун Адамзат өнүгүү индекси жарыялаган жаңы маалыматта өлкө 0,701 упай менен бир орунга көтөрүлгөнүн айтты.
"2022-жылдын жыйынтыгы менен биз бир орун өйдө көтөрүлүп, 193 мамлекеттен 117-орунду ээледик. Бирок эң негизгиси, 0,701 упай (мурда 0,692 болчу) менен "жогору" өнүккөн өлкөлөр тобуна кирдик! Буга чейин биз орто өнүккөн мамлекет болчубуз", - деп жазды ал.
Ошондой эле Байсалов бул башталышы экенин айтып, бир жыл мурдагы статистика гана эске алынганын белгиледи.
"Акыркы жылдын ийгиликтери камтыла элек. Буюрса, мамлекетибиз өнүгүү жолуна түшкөнү эл аралык аренада көрүнө баштады. Албетте, 117-орун биз үчүн өтө эле төмөн. Өнүгүүнүн жолу оор. "Жакшы болуш аста-аста" дейт эмеспи, жергебизде ынтымак болсо, бай мамлекеттердин катарына кошулуу - өзүбүздөн эле көз каранды", - деп кошумчалады.