Бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев Арча-Бешик жана Ак-Өргө конуштарында бейтапкана жок экенин айтты.
Анын айтымында, аталган конуштар Бишкектеги ири жана мурда эле түптөлгөн конуштардын катарын толуктайт. Депутат бул аймактарда расмий маалымат боюнча 50-60 миңдей, ал эми расмий эмес маалымат боюнча 100 миңге чейин адам жашай турганын белгиледи.
Жээнчороевдин айтымында, медициналык мекеменин жоктугунан тургундар шаардагы башка ооруканаларга кайрылууга аргасыз болушууда. Депутат бул конуштарда калтын саны өсүп жатканын эске алып, медициналык инфраструктураны өнүктүрүү зарылдыгына көңүл бурду.