Баш калаа Бишкекте "Кыргызстан кореялык фотографтардын көзү менен" аттуу фотокөргөзмө өтүп жатат. Көргөзмө Улуттук тарых музейинде 14- марттан 16-мартка чейин созулат. Бул үч күн ичинде шаар тургундары кореялык сүрөтчүлөрдүн эмгектери менен таанышып кетсе болот. Кирүү акысыз.
Фотокөргөзмө “Кыргызстанда маданий туризмди өнүктүрүү” долбоорунун алкагында өлкөгө келген кореялык фотографтар менен блоггерлердин сүрөттөрүнөн турат. Ачылышына Кореянын өлкөдөгү толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вон Чже, Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова жана бир катар фотографтар, ишкерлер, шаар тургундары катышты.
Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова кореялык фотографтарга эмгектери үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн туризминин өнүктүрүүгө зор салым кошуп жаткандарын айтты.
"Акыркы жылдары Кыргыз жерине, элине, тарыхына, салтына суктанган чет элдиктердин саны арбыды. Суроо-талап жогорку деңгээлде болуп жатат десем да жаңылышпайм. Анткени Кыргызстан жаратылыштын чордону эмеспи. Бирок биздин эл ошол сырттагылар кызыккан жаратылышыбызга көңүл бөлүп, сактап атабы, маселе ушунда жатат. Чет элдик өнөктөштөштөрүбүз менен биргеликте уюштурулган бул көргөзмөгө бекеринен жаратылыштын сүрөттөрү коюлган жок. Мында толгон талим-тарбиянын, адеп-ахлактын маңызы жатат. Көргөзмөгө келгендер ар бир сүрөттү жүрөгүнөн өткөрсө, туризмди өнүктүрүүгө, элдин адеп-ахлагын жогорулатканга толук билим алып кетмек. Ошондуктан мындай иш-чарага өзүбүздүн ички туристтерибиз дагы көбүрөөк катышканы жакшы. Алар башка өлкөнү көргөнгө ашыкканча, өзүбүздүн өлкөбүздүн керемет жерлерин толук кыдырып чыкса жакшы болот эле. Мына ошондо жерибиздин канчалык кооз экенин жарыялап, көптөп сырттан келген туристтерди тартат элек", - деди Кыял Кенжематова.
Аталган долбоор 2019-жылы Кореянын KOICA компаниясы менен биргеликте ишке ашырылган. Максаты өлкөнүн булуң бурчундагы инфратүзүмдү жакшыртуу, маркетинг боюнча көргөзмөлөрдү жүргүзүү болуп саналат. Долбоордун алкагында Кыргызстанды чет элден келген туристтерге жеткиликтүү түшүндүрүп берүү үчүн кыргыз гиддери да атайын окуудан өтүштү. Учурда өлкөнүн тарыхын, маданиятын, салтын билүүдө алардын такшалгандыгы абдан маанилүү.
"Ошондой эле жергиликтүүлөрдүн туристтерге болгон мамилеси жана тейлөөсү да маанилүү. Бизде алыскы аймактарда меймандостук аябай өрчүгөн. Мындан улам келген конокторго кызмат көрсөтүүдө сатууну билбейбиз. Ушу сыяктуу көйгөйлөрүбүз толтура. Бизде туризм десе эле бир жака барып жатып эс алууну ойлойбуз. Жок андай эмес. Туризм бул мамиленин жогорку деңгээлде болушу, каада-салттардын нукуралуулугун көрсөтүү жана маданиятын айкалыштыруу. Туризмге келген жарандар, ишкерлер болобу айтор алардын өзү эле эмес жан дүйнөсү дагы өзгөрүшү керек. Эл аралык өнөктөштөрүбүз менен бирге түзүлгөн долбоордун алкагында көптөгөн айылдарга барып, чет элден келген конокторго мамиле кылууну андан акча табууну айтабыз. Ошондой эле туризмди өнүктүрүүдө мүмкүн болушунча экологияга аз зыян келтирип, маданиятты туура сактоону түшүндүрүп келебиз", - деди Кыял Кенжематова.
Корея өнүккөн өлкө. Ошондуктан ал жактан келген туристтер 30 жылга артка кетип калгандай болушарын айтышат. Бирок бул алар үчүн кызыктуу.
"Автобустан түшкөндө эле тоолор көрүнөт экен" деген кореялык фотограф Чже, Чжун Гын буларга токтолду.
"Мен Кореяда фотограф болуп иштейм. Биринчи жолу Кыргызстанга 3 жыл мурда келгем. Бүгүнкү күнгө чейин 4 жолу келип кеттим. Мени бул өлкөнүн өзүнө тарткан үч нерсеси болду. Айтсам, бийик-бийик аскалары, асман тиреген тоолору жана элинин жөнөкөйлүгү. Алар мага ушунчалык жакшы мамиле кылышты. Кыргыздар чындыгында меймандос келишет экен. Дагы бир өзгөчөлүгү ар бир баскан жеринен тоолор көрүнүп турат экен. Автобустан чыкканда эле тоолорун көрүүгө болот. (күлүп) Ошондой эле кыргыздардын көкбөрү оюну да укмуш. Ат үстүндө 5 килограммдай жаныбарды (улак) көтөрүп, ооздоруна камчыны тиштеп алып оюн көрсөткөнү бул өзүнчө эрдик. А биз жөнөкөй эле ат мингенди билбейбиз. Бул оюн мени ошонусу менен таңкалтырды ары кызыктырды",- деди кореялык фотограф.
Фотограф Кыргыздардын жашоосун, жаратылышын көп сүрөткө түшүргөнүн, анын 40ка жакыны бүгүнкү көргөзмөгө коюлганын кошумчалады.
Иш-чаранын максаты өлкөдөгү туризмди өнүктүрүү менен бирге кыргыздын тарыхын, маданиятын, каада-салтын башка өлкөлөргө жайылтуу болуп саналат.
Сүрөттөр төрт мезгилде тартылып, жалпысынан 70 сүрөт коюлду.