Ошондой эле аларга кол көтөргөндөргө 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып пул салынат же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.
Мыйзам долбоорун иштеп чыгууга бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүдө өз милдеттерин аткарып жаткан учурда медициналык кызматкерлерге карата кол салуу фактыларынын көбөйүшү себеп болгон. Документ аталган кызматкерлерди коркутуп же аларга кол көтөргөндөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартууну киргизүү максатында жазылган.
Белгилей кетсек, буга чейин да Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары дарыгерлерге иш учурунда кол салгандарга жазаны күчөтүүнү сунуштаган.
Эл өкүлү Жанар Акаев парламенттин 14-декабрдагы жыйынында акыркы убактарда дарыгер, медайымдар иш учурунда сабалган учурлардын көп катталуусу, дарыгерлерди коргогон катаал мыйзам зарыл экендигин көрсөткөнүн белгилеп, бул багытта мыйзам долбоорун жазып чыгышканын айткан.