Ден соолукка анча оор эмес же оор залал келтирисе 50 миңден 100 миң сомго чейинки өлчөмдө айып салууга же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Ден соолукка өзгөчө оор залал келтирүүгө, өзгөчө ири зыян келтирүүгө алып келүүчү ошол эле жосундар үчүн үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган.
Ал эми бейтаптын ден соолугуна өзгөчө оор залал келтирүүгө алып келсе, беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Мындан сырткары дарыгерлердин ишине атайын компетенттүүлүккө ээ болбогон адамдар мыйзамсыз кийлигишсе, аалрды сөгүп, мазактап, кемсинтсе, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары же телекоммуникациялык түйүндөр аркылуу алардын мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылса 10 миң сом айып пул салынат.
Мыйзам долбоору медициналык кызматкерлер кызматтык милдеттерин аткарып жатканда аларды зомбулуктан коргоо жана аларга кол салуунун алдын алууну максатында иштелип чыккан. Буга өлкөдө акыркы учурларда дарыгерлерге карата бейтаптардын же алардын туугандарынын зомбулук көрсөтүү аракеттери бир топ көбөйүп кеткени себеп болгон.
Соңку мезгилде өлкөдө өз милдетин аткарып жаткан медицина кызматкерлерине кол салган учурлар көбөйдү. 19-февралда Бишкектеги Улуттук госпиталдын Травматология бөлүмүнүн медайымын бейтаптардын биринин тууганы сабаган. Кош бойлуу кызматкерди сабаган деп шектелген жаран кармалган.
Февралдын башында Ош облустук психиатрия жана наркология борборунун дарыгерлерин бейтаптын жакындары ур-токмокко алган. Ак халатчандарды урду деп айыпталган адамды милиция кармап, кийин ал үй камагына чыккан.