Садыр Жапаров футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичке атасынын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
"Сизге жана үй-бүлөңүзгө терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус оор жоготууңузду тең бөлүшөм.
Бала кезиңизде спортко болгон шык-жөндөмүңүздү байкап, келечекте белгилүү футболчу болуп чыгышыңызга атаңыздын салымы чоң экенин жакшы билебиз. Жогорку деңгээлдеги футболчу, машыктыруучуну тарбиялаган атаңызга терең таазим этип, ушундай азалуу күндө дагы кыргыз элинин үмүтү болгон Улуттук курама команда менен чогуу болгонуңузга ыраазычылык билдирем.
Футболчуларыбыз алдыдагы оюнга даярданып жаткан учурда тагдырдын оор сыноосуна карабай, Улуттук команда менен бирге болуу чечимиңизди футболчуларыбыз да, спорт күйөрмандары да – жалпы эле кыргыз эли жогору баалайт деп бекем ишенем.
Башкы машыктыруучунун мындай мамилесин түшүнгөн футболчуларыбыз, алдыдагы мелдеште татыктуу оюн көрсөтөрүнө үмүт артам", - дейт өлкө башчы.
Эске салсак, 16-мартта Тарковичтин атасы узакка созулган оорудан улам каза болгон.