SUPER.KG порталы чет өлкөдө окуп жүргөн жаштарды тааныштырууну улантат. Бул жолку чыгарылыштын каарманы Айбек кызы Айтурган. Каарманыбыз учурда Венгриянын Будапешт шаарындагы Печ университетине караштуу тил академиясында окуп жатат. Айтурган 2000-жылы Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунда төрөлгөн.
Ал алгач Венгрияга кантип окууга өтүп калгандыгы тууралуу айтып берди...
- Мен 2018-жылы Кыргыз Улуттук университетинин тарых жана чөлкөм таануу факультетинин чөлкөм таануу багытына тапшыргам. Учурда ушул эле багытта Кыргызстанда онлайн магистратурада жана Венгриянын Будапешт шаарында Печ университетине караштуу тил академиясында окуп жатам. 2022-жылы 4-курста окуп жатканда факультеттин деканы Туратбек Сырдыбаев ушул программаны мага сунуштап калды. Мен ал жакка тапшырып көрдүм, өттүм, ошентип окуп калдым.
Чет өлкөдөн окуп келүү ар бир эле студенттин кыялы болсо керек, алардын ичинен менин дагы. Кыялдарым аз-аздан орундалып жатат, буюрса.
- Ал жактагы окууң тууралуу кененирээк айтып берсең?
- Учурда Будапештте Тышкы иштер жана соода министрлигинин “Балаши” стипендиялык программасынын мажар (венгр) таануу жана мажар тили курсунда окуп жатам. Окуу негизгиси мажар тилинде болот, бирок түшүнбөй калганда англис тилинде түшүндүрүп беришет.
Бул программа англис тилин билбей, бирок чет өлкөдө окууну каалагандар үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Себеби, Европада экинчи тил - бул англис тили. Бул программага тапшыруу менен студенттер мажар таануучу жана өз алдынча англис тилин өздөштүрө алышат. Мажарстандын университеттерине венгер тилинде окуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок кандай болгон күндө да англис тили учурда абдан зарыл тилдердин бири. Ал тилди дагы сөзсүз үйрөнүш керек деп ойлойм.
- Венгрияда бир күнүң кандай өтөт?
- Ар бир күнүм башкача. Сабактан саат 05:00 чамасында үйгө келем, тамагымды бышырам, спорт ден соолуктун мүлкү деп парк айланып чуркап келем жана тилдерди үйрөнүү менен алек болом.
- Алдыдагы пландарыңыз тууралуу айтып берсең?
- Менин эң башкы максатым бул жактан PhD'ни окуп, Кыргызстанга тажрыйба топтоп баруу. "Туулган жердин топурагы алтын" демекчи, өлкөмдү албетте сагынам. Бирок сагынганымды билдирбей, ата-энем менен сүйлөшкөндө күлүп сүйлөшөм. Алардын мени ойлонуп, кабатыр болуусун каалабайм. Анан Кыргызстандын тамактарын сагындым, өзгөчө этти. Эмнегедир бул жакта эттин даамы жоктой сезилет. Будапештке 2022-жылы жаңы келгенде тил билбей, чөйрөгө аралаша албай кыйналып жүрдүм. Азыр кудайга шүгүр баары жакшы.
- Эли кандай экен, салттары тууралуу айтып өтсөң?
- Дини христиан, мамлекеттик жана диний майрамдарында эс алышат. Салтты мурдагыдай кармана беришпейт экен, батышташып кетишкен. Байкаганым алар үчүн үй-бүлө биринчи, жумуш экинчи орунда турат. Майрамдарды кесиптештери менен эмес, үй-бүлөсү менен тосушат. Ушак деген азыраак, элдери ачык, жардамчыл келишет экен.