Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жеке менчик медициналык мекемелерде томографиялык текшерүүлөрдүн баасы арзандатылганын билдирди.
Билдиргендей, медициналык кызмат көрсөтүүдөгү баалар боюнча менчик медициналык мекемелердин катышуусунда жыйын өткөн.
Жыйында элге көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын сапаты жана алардын баасы талкууланып, жыйынтыгында томографиялык изилдөөлөрдүн бардык түрүнүн баасын 20 пайызга чейин түшүрүү боюнча макулдашууга жетишилген.
Макулдашуу "Юнит-Реактив Фарма", "Медипол", "Томэкс", "Шаншуй Силк Роуд Кейджи", "Альфа МЕД-ЛТД", "Берди", "Медипарк", "Гульмед", "Систем Озел Тыбби Йатырымлар ве Тиджарет", "Юрфа", "Авиценна", "Меди" жана "Веданта" жеке менчик медициналык мекемелер менен жүргүзүлгөн. Ал эми "Кортекс Неврологиялык борбору" менен 30 пайызга чейин төмөндөтүү макулдашылган.
Ошондой эле УКМК медициналык менчик лабораториялардын жана башка мекемелердин кызмат көрсөтүүсүнүн баасын жөнгө салуу иштери уланып жатканын кошумчалады.
Буга чейин бир катар менчик лабораториялар изилдөөлөрдүн (анализдердин) баасын 30 пайызга чейин төмөндөткөн.
Белгилей кетсек, 15-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов менчик лабораторияларда анализдердин баасы кымбат болуп жатканын билдирип, бул маселени УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алса жакшы болмоктугун айткан.