“20 жылдан кийин эң бактылуу үй-бүлө биз болобуз" дейт 12 баланын ата-энеси

SUPER.KG порталынын бул жолку коногу 12-наристесин жарыкка алып келген жубайлар болду.
“Биз эң бай адамдарбыз” деген түгөйлөр Чүй облусунун Кемин районунда турат. Алар биздин чыгармачыл топко жашоосундагы кыйын күндөрүн ошону менен бирге күлкүлүү окуяларын айтып беришти.
Балдардын атасы Алмаз Абдыкадыровдун айтымында, келинчеги Үмүт экөө баш калаа Бишкектен таанышып, бир жарым жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшүп, 2013-жылы баш кошушкан.
"Мен Ат-Башынын кулуну, келинчегим Токтогулдун кызы болот. Бишкекте таанышып, мен 20да Үмүт 17 жашында үйлөнгөнбүз. Ал эми Кеминде туруп калганыбыздын себеби бул жака конокко келип, бирөө Кеминди арзан деп сунуштап, 6 жылдай батирлеп жүрдүк. Кийин туугандардын, жакындардын жардамы менен ошондой эле өзүбүз да аракет кылып үй сатып алганбыз. Ал учурда аябай чоң суммага алганбыз. Ошондон бери ушул жакта турабыз. Кеминдик болуп алганбыз.
Көп балалуу болууну ар бир үй бүлө пландаса керек. Бул жолду болууну биз атайын тандап алган жокпуз, Кудайдын бизге берген белеги. Бирок жаштын тилегин берет деген чын окшойт. Экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө көп наристелүү болобуз деп койчубуз. Кудайым берди, шүгүр. Балдарыбыз биздин бактыбыз, алар биздин байлыгыбыз. Биз дүйнөдөгү эң бай адамдарбыз", - дейт жубайлар.
"Элдин сөзү деп экиге бөлүнүп, эки башка маршруткага түшчүбүз" деген жубайлар тууралуу толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан