Бишкекте жол эрежесин бузган коомдук транспорттун 4 айдоочусу иштен алынды

"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасы жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында иш алып барууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, ишкананын ички комиссиясынын чечиминин негизинде жол эрежесин одоно бузган коомдук транспорттун 4 айдоочусу жумуштан четтетилип, 2 айдоочу 50 пайыз сый акысынан, 8 айдоочу 100 пайыз сый акысынан ажыратылды.
Белгилей кетсек, мындай ички комиссиянын жыйыны жума сайын өткөрүлөт. Бирок, жарандардан түшкөн кайрылуулардын жана даттануулардын санына жараша жумасына эки жолу жыйын өткөрүүгө болот.
Ал эми буга чейин жол эрежелерин одоно бузган 10 айдоочу жумуштан четтетилип, 21 айдоочу сый акысынан ажыратылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан