19 жаштагы Аселдин сөөгүнүн суудан табылышы: Кыздын атасы кудаларын кармоону талап кылды

Кечээ, 18-мартта бир айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан Асел Жанарбек кызынын жансыз денеси Чоң Чүй каналынан табылган.

Өз кезегинде кыздын атасы "Сокол Медиага" берген маегинде бул ишке күйөө баласы жана куда тарабы күнөөлүү экенин айтып, аларды суракка алуу керектигин айтты.

"Милиция кызматкерлери, куткаруучулар издеп жатышкан, мына өзүбүз суудан таптык. Экспертизага берип жатышат, эми ушул жагын карап беришсе. Эми куда-сөөктөрдү, күйөө баламды кармап, тактап беришсе жакшы болмок. Ызы-чуунун баары ошолордун үйүндө болуп жатпайбы. Эгер алар антпесе кыз сууга түшпөйт эле да", - деди ал.

15-февралга караган түнү Кант шаарында 19 жаштагы Асел дайынсыз жоголгон. Анын кийими, уюлдук телефону Чоң Чүй каналынын жээгинен табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан