Жаздын сыйкырын Стамбулдан сезиңиз! 


Аба ырайы жылып, табият гүлдөгөн сайын Стамбул жаздын жагымдуу нуруна ээ болот. Стамбулда жаз өзгөчө болуп, күн нурун, жумшак желдерди жана жыпар жыттуу гүлдөрдүн арасында жагымдуу сюрприздерди камдап турат. Андыктан бул аталган өлкөгө жаз айында келсеңиз анда, кызгалдак гүлдөрү менен кооздолгон Тарыхый жарым аралды изилдеңиз жана гүлдөгөн кызыл гүлдөрдүн лаванда түсүнө толуп турган Босфор кысыгына күбө болуңуз. Биз сиздин саякатыңыз жомоктогудай болуусу үчүн, Стамбулдагы жаз мезгилин өзгөчө чагылдырган кооз жерлерди изилдеп көрдүк...

Кереметтүү жаз пейзаждары

Босфор кысыгы, албетте, Азия менен Европанын кесилишиндеги Стамбулдун эң кооз жерлеринин бири. Бул жаркыраган суу жолунда кайык турларында сиз Босфордун жээгинде жайгашкан тарыхый сарайларды, ар бир кооз вилланы өзүнүн кылымдык тарыхы менен карап жатып, мезгилдин жыты жана түстөрүнөн даам татсаңыз болот. Стамбулдун көп кабаттуу мунаралары шаардын эң көрүнүктүү түзүлүштөрүнүн ичинен укмуштуудай асман сызыгын көрүүгө идеалдуу орунду сунуштайт: Кыз мунарасы кеңейтилген реставрациядан кийин музей катары кызмат кылып, бул өлбөс шаардын Босфордун көз карашын тартуулайт. Каракөйдө атактуу архитектор Рензо Пиано тарабынан долбоорлонгон имаратта курулган Стамбул Модерн укмуштуудай Босфорду жана андан ары тарыхый жарым аралды карап турат. Белгилей кетсек, драмалык Стамбул Модерн дүйнөдөгү алдыңкы архитектуралык платформалардын бири болгон ArchDaily тарабынан маданий архитектура категориясында «Жылдын имараты» деп табылган.

Стамбулдун түгөнгүс казыналары

Миң жылдык тарыхы бар Стамбул саякатчыларды өзүнө тартып турат. Монументалдуу түзүмдөрү жана жаңы аттракциондору менен бул картайбаган шаар, коноктор үчүн түгөнбөгөн сыйкырдуу ачылыштарын токтотпойт. Жанданган маданий жайлар, белгилүү архитекторлордун кол тамгалары коюлган музейлер, өзгөчөлөнгөн көргөзмөлөр, реставрацияланган жана кайра ачылган тарыхый имараттар жана Стамбулдун легендарлуу тамак-аш маданияты, ар бир эс алуучунун көңүлүн бурат. Эгер сиздин Стамбулда убактыңыз чектелүү болсо да, шаардын жүрөгүн, тарыхый жарым аралды зыярат кылууну сунуштайбыз. Аясофиядан Чоң базарга жана Базилика суу сактагычынан Топкапы сарайына чейин саякаттай турган көп нерсе бар! Стамбулда сөзсүз көрүлүшү керек болгон дагы бир маршрут Каракөйдөн Таксим аянтына чейинки архитектуралык кереметтер менен капталган жол. Сиз аталган шаардын динамизмин жана анын жандуу көчөлөрүн жаз күнүнүн астында жаратылыш менен бирге гүлдөп турганын көрөсүз.


Жаз айларындагы сыйкырдуу түрк кулинариясы

Жазында Стамбулду зыярат кылуунун дагы бир себеби сезондук тамактануу: ашканаларда артишок, бамия, кулпунай, кара өрүк жана башка жазгы жашылча-жемиштер пайда боло баштаганда, зыяратчылар чаар кефир сыяктуу сезондо кармаган балыктар, өзгөчө көк балык менен тамактанууга мүмкүнчүлүк алышат. Гастро-шаар катары Стамбул көчө тамактарынан түрк жана эл аралык ашкананын эң сонун үлгүлөрүнө чейин, жөнөкөй кафелерден мыкты тамактануучу жайларга жана Мишелин жылдыздуу ресторандарга чейин бул ырыскыдан ырахат алуунун түрдүү жолдорун сунуштайт. Сезондук жергиликтүү ингредиенттер жана кылымдардан бери келаткан рецепттер менен даярдалган Стамбулдун кулинардык түрдүүлүгүнүн даамын сиз бул өлкөнүн өзүнөн гана тата аласыз.

www.goturkiye.com | https://instagram.com/goturkiye | https://instagram.com/goturkiye_bishkek

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан