Сиздин бизнес санарипте! Бишкекте "Ишкер24" мобилдик тиркемесинин презентациясы болду 

Бүгүн, 19-мартта Бишкекте "Ишкер24" мобилдик тиркемесинин презентациясы болду. Заманбап платформа мамлекеттик сектордун флагманы аталган "Мега" компаниясы менен "РСК банкына" таандык. Мамлекеттик финтех-сектор, коллабороция жана "Ишкер24" МТ долбоорлору президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылууда.

Иш-чарага ишкерлер жана тиешелүү бийлик өкүлдөрү катышты. Анын жүрүшүндө ишке киргизилген жаңы тиркеме тууралуу кеңири маалымат берилди.

"Ишкер24" мобилдик тиркемесин пайдалануу менен ишкерлер бир топ түйшүктөн арылат. Эми алар мамлекеттик салык кызматына барбай, кезек күтпөй эле платформанын жардамы менен отчётторду тапшырып, салыктарды төлөй алышат.

Мындан сырткары, акысыз банктык жана карта менен комиссия төлөмүсүз тейлөөгө ээ болуп, ар дайым онлайн иштөө үчүн акысыз интернет менен камсыз болушат.

Ошондой эле 15 миллион сомго чейин кирешеси бар жеке ишкерлер үчүн "Ишкер24" аркылуу каттоодон өтүүдө - салыктар нөл, отчеттор, ККМ/QR нөл (Соцфондго камсыздандыруу төлөмдөрү гана).

Тиркеме акырындап жаңы функцияларды кошуу менен 3 версияга ээ болот. Жалпысынан алганда, мобилдүү тиркеме сиздин бизнестин иштеп турушунун бардык этаптарында "бирдиктүү терезе" аркылуу онлайн коштоо болуп саналат.

Аталган тиркеме учурда Android системасында жеткиликтүү. 1-июлга чейин бардык система аркылуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Сиздин бизнес санарипте - "бирдиктүү терезеде"!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан