Бишкекте “Нур Имарат Курулуш” компаниясына 53 миң сом айып салынды

Бишкектеги “Нур Имарат Курулуш” ишканасы борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузган. Мындан улам ага жалпы суммасы 53 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардыкм мэриясынан билдирди.

Маалымдалгандай, муниципалдык инспекцияга Биринчи май районунун Симферопольский көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн эки жашоочусунан арыз түшкөн. Алар курулуш компанияларынын бири тарабынан көрктөндүрүү эрежелери бузулганын билдиришкен.

Буга байланыштуу 16-мартта инспекторлор аталган аймакка барышып, "Нур Имарат Курулуш" компаниясы тарабынан ки эреже бузуу болгонун аныкташты. Жыйынтыгында аталган ишканага карата эки протокол түзүлүп, аймакты көрктөндүрүү эрежелерин бузуу жана жол курулмаларына зыян келтиргендиги үчүн айып салынган.

Ошондой эле түшүндүрүү иштери жүрүп, курулуш компаниясынын жумушчулары тегерегиндеги таштандыларды жана топуракты тазалашты.

Эске салсак, шаардык мэриянын муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартип бузуучуларды аныктап, жарандардын кайрылуулары боюнча токтоосуз чараларды көрүүнү улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан