Нооруз-2024: Көк бөрү күйөрмандарына коомдук транспорт уюштурулат

21-март күнү Нооруз майрамына карата көк бөрү күйөрмандарынын коопсуздугу үчүн саат 09:00дөн 10:30га чейин транспорт уюштурулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Майрам күнү саат 11:00до келечектеги ипподромдун ордунда финалдык көк бөрү оюндары өтөт.

«РИОМ Авто» автобазарынын аймагында жол тыгындарын алдын алуу максатында, 1500 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай уюштурулат. Унаа токтотуучу жай үчүн төлөм MBank тиркемеси же терминалдар аркылуу жүргүзүлөт, ал 30 сомду түзөт.

Эскерте кетсек, аренага коомдук транспорт («Shuttle Bus») менен жетүүгө болот, шаар баасы менен – накталай эмес төлөм үчүн 17 сом, накталай түрдө 20 сом.

Ошондой эле, Бишкек мэриясы калаанын тургундары жана конокторуна, иш-чаранын катышуучуларынын ыңгайлуулугун үчүн, тыгындарды болтурбоо максатында коомдук транспортту колдонууну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан