Өлкө башчысы Сокулуктагы мобилдик клиниканын ишин пландан тышкары текшерди (фото)

Бүгүн, 19-мартта мамлекет башчысы Садыр Жапаров Чүй облусунун Сокулук районундагы мобилдик мульти-диагностикалык комплекстин иши менен пландан тышкары таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өлкө башчысына мобилдик клиникада бейтаптар акысыз кароодон өтүп, медициналык изилдөөлөрдүн кеңири спектри жана ар кандай ооруларды аныктоо боюнча консультация алса болору маалымдалды.

Андан кийин Садыр Жапаров клиниканы карап чыгып, медициналык адистердин кароосуна келген жергиликтүү жашоочулар менен баарлашты. Жолугушууда медициналык, социалдык кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле аларды тынчсыздандырган башка маселелер көтөрүлдү.

Өз кезегинде президент жарандарды сапаттуу медициналык кызматтар менен камсыз кылуу мамлекеттин маанилүү стратегиялык милдеттеринин бири экенин баса белгиледи.

“Өлкөбүздүн башкы байлыгы – эл экенин эске алсак, биздин башкы милдетибиз – өлкөнүн ар бир жашоочусунун ден соолугуна кам көрүү”, - деди өлкө башчысы.

Садыр Жапаров быйыл, анын тапшырмасы менен, кезекте тургандарга өлкө бюджетинин эсебинен бөйрөк алмаштыруу операциялары жасалып жаткандыгын эске салды. Ар бир операцияга 7 миң доллары бөлүнүүдө. Кийинки кадам - муктаж болгон бейтаптарга боор, жүрөк жана жилик чучугун трансплантациялоо болуп саналат.

"Кайрылууларды уккандан кийин президент Садыр Жапаров көтөрүлгөн маселелерди чечүү үчүн бир катар тапшырмаларды берди. Тургундар мобилдик комплексти уюштургандыгы жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер үчүн ыраазычылык билдиришти", -деп айтылат билдирүүдө.

Мульти-диагностикалык комплекс Сокулук районунда үч ай иштеп, андан ары Нарын облусуна жөнөтүлөт. Буга чейин мобилдик клиникада республиканын түштүк облустарынын жашоочулары текшерүүдөн өтүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан