Акылбек Жапаров жеңил унааларды чыгаруучу заводдун курулушунун жүрүшү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында "Алтын Тулпар Унаа Курулуш" унаа заводунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, завод ишке кирсе, Chevrolet жана Isuzu үлгүсүндөгү автоунааларды чыгарат. Өндүрүштүк кубаты жылына 10 миң автоунаага жетип, миңден ашык жумуш орун түзүлөт.

Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга продукцияны сатууну колдоо программасын иштеп чыгып, заводдун тез арада ишке киришине шарт түзүүнү тапшырды.

Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Акылбек Жапаров бир катар ишканаларда, алсак, Кара-Балта шаарындагы "Жунда" мунай заводуна, "Дан" мамлекеттик ишканасына, тоо-кен комбинатына, "Кыргызалтын" ААКтын нефтини кайра иштетүүчү заводуна, Москва районундагы көп тармактуу консерва заводуна, керамзит заводуна, IQF технологиясы боюнча тоңдуруу цехи бар өлкөдөгү биринчи логистикалык борборго, Бишкек канаттуулар фабрикасына, Сокулук районундагы бут кийим фабрикасына барды.

Ошондой эле Сокулуктагы муниципалдык мал базардын курулушун көрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан