Тергөө абагында отурган активист Гүлжигит Исаковдун абалы начарлаганы айтылды

Тогуз айдан бери тергөө абагында отурган активист Гүлжигит Исаковдун абалы начарлаганын анын адвокаты Сыртпай Жайчыбеков билдирди.

Жактоочусунун айтымында, жарандык активисттин бир эле бөйрөгү бар, учурда ошол органы ооруп жатат. Мындан улам ал өзү да тынчсызданууда.

Адвокат сотко Исаковду үй камагына чыгаруу боюнча бир нече жолу өтүнүч менен кайрылганын, бирок канааттандырылбаганын кошумчалады.

Эске салсак, активистти былтыр 5-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айып менен камакка алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан