Тиктокерлер: “Кыргызча жакшы билбей калганыбызга ата-энебиз күнөлүү”

SUPER.KG порталынын бул жолку маек төрүндө жаш тиктокерлер Акнур жана Айкөл апасы менен конокто болду. Алардын видеолору интернет желесинде алды 8 миллион көрүүчү топтогон.

Маек учурунда жаш жылдыздарды казакстандык көрөрмандары “булар казактар” деп көп талаша бергенин айтышты. Ошондой эле учурда Орусиядагы белгилүү телеберүүгө чакыруу болуп жатканын кошумчалашты.

"Блог алып барып баштаганыбызга апрелде бир жыл болот. Башында балдарым өздөрү телефонго тартып сактап коё беришиптир. Мен аны кийин байкап калып, интернетке киргизип койсом аябай жакшы көрүлдү. Биз видеолорду кыргызча, казакча да тарта беребиз. Кыргыз менен казак окшош болгону үчүн "булар казактар" деп талаша беришет", - дейт тиктокерлердин апасы.

Мындан сырткары Акнур менен Айкөл "Жеңе" деген үй-бүлөлүк кинокомедияга тартылганын, жакынкы күндөрү көрүүчүлөргө сунуштала турганын билдиришти.

Жаш тиктокерлер кыргыз тилинде сүйлөгөндөн бир аз аксашат.

"Биздин кыргыз тилин билбей калганыбызга ата-энелерибиз күнөөлүү. Анткени бизди орус тилдүү балдар бакчасына жана мектепке беришкен", - дейт алар.

Бирок алардын апасы үйдө кыргыз тилинде гана сүйлөй турганын, эне тилде эркин сүйлөшү үчүн аракет кылып жатышканын кошумчалады.

Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан