Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чүй облусунда катталган жер титирөө боюнча маалымат берди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 19-мартта саат 21:05те Кыргызстанда очогу 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Аламүдүн районунун Кашка-Суу, Таш-Дөбө айылдарында 3 балл, Бишкекте жана анын чет жакасындагы айылдарда 2,5 баллга чейин сезилген.
ӨКМ тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.