Бишкекке келген атактуу түрк ашпозчусу Бурак Өздемир социалдык тармактагы баракчасына Кыргызстанда түшкөн сүрөттөрү менен бөлүштү.
"Рахмат, Кыргызстан!" деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Ал ДЦП менен жабыркаган балдарга дагы барган.
Буга чейин анын кайрымдуулук фондунун чакыруусу менен 18-19-март күндөрү Кыргызстанга биринчи жолу келери маалым болгон. Ал кайрымдуулук фонд жыл сайын уюштурган “Рамазан чатыры” коомдук-кайрымдуулук долбооруна катышууга чакырылган.