Оштогу №5 тергөө абагына мониторинг жүргүзүлдү

Акыйкатчы институту Ош шаарындагы №5 тергөө абагындагы жарандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу аталган институт билдирди.

Маалыматка ылайык, мониторингди акыйкатчынын орун басары Жанибек Жоробаев жана мекеменин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жүргүзгөн. Алар тергөө абагына барган учурда 291 адам кармалып турган. Кармалгандардын арасында 12 аял жана өмүр бою эркинен ажыратылган 2 жаран болгон. Аталган тергөө абагы 511 адамга эсептелген.

Абакты текшерүү учурунда камералар ным тартып, эскирип калганы аныкталган. Бирок бул боюнча камактагылар арызданышкан эмес.

Ошондой эле камактагылар менен сүйлөшүүлөр дагы жүргүзүлгөн. Анда 5 адам укуктарын коргоп берүүсүн өтүнүшүп, укук коргоо жана тергөө органдары тарабынан укуктарынын бузулушуна даттанышкан. Алардын бири анын иши боюнча сот отуруму улам жылдырылып жатканына нааразы болсо, дагы бири жакындары менен байланышууга жардам берүүнү суранган.

Мындан тышкары 40 жаштагы аял өз укугун коргоону суранып арызданган. Ал Сириядан үч жаш баласы менен былтыр октябрда өкмөттүн программасынын негизинде кайтарылганын айтып, реабилитациялык процедуралардан өткөнүн билдирген. Бирок ага карабастан укук коргоо органдары тарабынан марттын башында кармалып, Кара-Суу райондук соту 7-апрелге чейин камакка алуу чечмин чыгарган. 40 жаштагы бул аял Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренеси "Жалданмачылык" (1997-жылкы ред.) боюнча мурда козголгон кылмыш иши боюнча кармалганы белгилүү болгон. Мындан улам анын кайрылуусун акыйкатчынын орун басары өз көзөмөлүнө алды.

"Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Акыйкатчы институту мамлекеттик органдарга жабык мекемелердин жашоо-шарттарын жакшыртууга чакырган расмий документтерди жөнөттү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан