Өлкөдө электр энергиясын 75 миңден ашык үй-бүлө жеңилдетилген тариф менен колдонот 

Кыргызстанда 75 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен колдонот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 1-мартка карата 75 миң 189 аз камсыз болгон үй-бүлө жеңилдетилген тарифтер менен пайдаланат, бул "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пул алуучулардын 91,2 пайызын түзөт.

Калган үй-бүлөлөр электр энергиясына болгон жеңилдикти батирде жашагандыгына, электр энергиясына болгон жеке эсептик счётчиктеринин жоктугуна, дача аймактарында жашагандыгына (кызыл китебинин жоктугуна байланыштуу), өндүрүштүк жайларда жана ошондой эле электр жарыгы жок жашагандыгына байланыштуу (кашар, электр зымдары тартыла элек курулуштарда жашагандар, энергокомпаниялар менен келишими жок үйлөрдө жашагандар) ала албай келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан