Бүгүн, 21-мартта Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамына карата иш-чара башталды.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, шаар тургундары жана президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен катышууда.
Борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиргендей, быйыл Нооруз майрамы 20-марттан 22-мартка чейин белгиленет. Майрамдык салтанат бүгүн кечки 22:00гө чейин уланат.