Бишкекте белгиленип жаткан Нооруз майрамына кайсы бийлик өкүлдөрү келди?

Бүгүн, 21-мартта Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамы белгиленип жатат.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова да катышууда.

Ошондой эле майрамдык салтанатка Марлен Маматалиев, Нуржигит Кадырбеков, Жанар Акаев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин өкүлдөрү, чет мамлекеттердин элчилери, коомдук ишмерлер жана шаар тургундары катышууда.

Коноктордун арасында экс-президент Сооронбай Жээнбеков дагы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан