Нооруз-2024: Чыгыш өлкөлөрүндө майрам кандай белгиленүүдө? 

Борбор Азия өлкөлөрүндө Нооруз майрамы жыл сайын белгиленип келет. Бул майрамды аруулуктун, тазалыктын, жаздын башталышы катары майрамдап келебиз. Ошондой эле Нооруз майрамы жакынкы чыгыш өлкөлөрүндө мааниси бирдей, бирок ар түрдүү иш-чаралар, оюн-зооктор менен коштолот.

Кыргызстанда бүгүн Нооруз майрамы белгиленип, майрамдык иш-чаралар өтүп жатат. Бишкектин борбордук аянтында президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен майрамдык концертке келишти. Ошондой эле өлкө башчы Кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

Казакстан

Ал эми коңшу Казакстанда бул жылы Нооруз майрамы 10 күнгө созулат. Мындай жарлыкка Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон. Казакстанда Нооруз майрамын уюштуруу жана аны өзгөчө майрамдоо үчүн өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, майрамдын маани-маңызын жогорулатуу үчүн жыл сайын 14-марттан 23-мартка чейин "Наурызнама" декадасы жарыяланат. Ошондой эле бардык аймак жана ишканаларга бирдиктүү логотип да иштелип чыккан. Демилгечилердин айтымында, тарыхта Нооруз майрамын белгилөө 8-9 күнгө созулуп, "Наурызнама" деп аталып келген.

Казакстанда 20-март Улуттук оюндар күнү деп белгиленип, аймактарда мелдештер өткөрүлдү.

Ал эми 21-22-март күндөрү казакстандыктар аянттарга чогулуп, боз үйлөр тигилип даярдалган даамдардан даам татышат. Ошону менен бирге ар кандай майрамдык иш-чаралар, оюн-зооктор, мелдештер өткөрүлөт.

Президент Касым-Жомарт Токаев Астана аянтындагы салтанаттуу иш-чарада бардык казакстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө Казакстан эзелтен келе жаткан каада-салтты карманып, Нооруз майрамын биримдикте, ынтымакта тосуп жатканын белгиледи.


Азербайжан

Нооруз майрамы Азербайжанда өзгөчө белгиленет. Алар үчүн бул майрам от менен тыгыз байланышта. Буга байланыштуу өлкөдө "тонгал" деген от жагуу салты бар. 21-күнү кечинде ар бир үй-бүлө үйдө канча адам жашаса, ошончо факелди жагат. Бардык үй-бүлө мүчөлөрү оттун үстүнөн жети жолу секирип өтүшү керек. Уламыштарга ылайык, от бардык өткөн каталарды, эскерүүлөрдү жок кылат, ошондой эле каардуу рухтарды кууп чыгат деп ишенишет алар.

Ошондой эле Азербайжан, Иран жана Тажикстан сыяктуу чыгыш өлкөлөрүндө Ноорузга жумуртка боёо салты бар, бул адаттан тыш көрүнүшү мүмкүн, анткени бул салт христиандардын "Пасха" майрамы менен байланыштуу.

Өзбекстан

Өзбекстанда майрам өзгөчө урмат менен белгиленет, себеби өлкөдө Нооруз майрамын кандай майрамдасаң, жылды ошондой өткөрөсүң деген ишеним бар. Бул күнү бири-бирине белек берүү, бири-бирин кечирүү жана жакындарына ден соолук каалоо салтка айланган. Өзбекстанда Нооруз түрдүү иш-чаралар менен коштолуп жатат. Жарманкелер, улуттук параддар, ит, короз уруштуруу оюндары уюштурулууда.

Тажикстан

Быйыл Тажикстанда Нооруз майрамы 20-мартта белгиленди. Душанбе шаарында майрамга карата “Навруз – маданий жана туристтик мурас” эл аралык фестивалы өттү. Ошондой эле улуттук спорт оюндары жана өлкөнүн өнөрпоздорунун катышуусунда концерттик программа тартууланган.


Түркия

Нооруз күнү адам биринчи көргөн нерсеси аны жыл бою коштоп жүрөт деген ишеним бар. Ошондуктан түрктөр бакытты, ден соолукту жана жыргалчылыкты билдирген буюмдарды - арпа, шарап, тыйындарды алдын ала курчап алышат. 23-март күнү эртең менен түрктөр эрте туруп, жаңы кийимдерин кийишип, көрүстөндөгү туугандарынын мүрзөсүнө зыярат кылышат. Бул күнү кечинде үй-бүлө чогулуп, дасторкондо дайыма түстүү жумуртка, таттуулар жана сүмөлөк болот.

Бул майрам Орусиянын кээ бир аймактарында, мисалы: Дагестанда, Татарстанда, Башкортостанда белгиленет. Ал эми Кыргызстан, Азербайжан, Албания, Македония, Казакстан, Ооганстан, Тажикстан, Иран, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркияда мамлекеттик майрам болуп эсептелинет.

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан