ХХХIII Эл аралык "Славян базары" искусство фестивалына өлкө атынан катыша турчу жаш таланттар белгилүү болду

Беларусь өлкөсүндө 9-15-июлда өтө турган ХХХIII Эл аралык "Славян базары" искусство фестивалынын алкагында, XXII Эл аралык балдар музыкалык сынагынын жана XXXIII Эл аралык эстрада ырчыларынын "Витебск - 2024" аталышындагы сынактар болот. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артиси Гүлнара Тойгонбаева билдирди.

Анына айтымына караганда, аталган 2 сынакка өлкө атынан катыша турчу жаш таланттар Улуттук тандоо турунун 17-марттагы финалында белгилүү болгон. Финалга чейинки онлайн кастингге жөнөтүлгөн 49 видеонун ичинен Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан 12 эң мыкты бала тандалып, финалдык бөлүккө катышкан.

Улуттук тандоо туру эстрадалык ыр жанры боюнча 8ден 14 жашка чейинки таланттуу балдар арасында өткөрүлүп, буга өлкөнүн бардык аймактарынан көрсөтүлгөн курактагы балдар катышты. Ошондой эле биринчи жолу 18 жаштан 31 жашка чейинки жаш аткаруучулар арасында да тандоо өткөрүлдү.

Жыйынтыгында катышуучулардын 2 турдан турган жарышына күбө болгон калыстар тобу балдар сынагында 14 жаштагы Раяна Алибаеваны жеңүүчү деп тапса, жаштар арасында Азамат Азимовду мыкты деп табышкан. Эми алар быйыл Витебсктеги "Славян базары" фестивалынын сынактарына өлкө атынан катышат.

Жаш таланттардын өнөрлөрүн баалаган калыстар тобуна Гүлнара Тойгонбаева, Юлия Руцкая, Эркин Мээрканов, Өмүрбек Андарбеков жана Бек Исраилов кирди. Ал эми аталган тандоо турун "Арт Булак" коомдук фонду уюштурган.

"Сынактын Кыргызстандагы тандоо туру Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, УТРКнын, SUPER.KG порталынын жана башка маалымат сайттарынын маалыматтык колдоосу менен өттү", - деди Тойгонбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан