Бүгүн, 21-мартта Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында Нооруз майрамы белгиленип жатат.
Анда майрамдык иш-чара орун алып, конокторго сүмөлөк таратылды.
Ошондой эле аянтта жарманке уюштурулуп, сүмөлөк жана башка улуттук тамак-аштар сатылууда.
Мындан тышкары, улуттук спорт оюндары өтүп жатат.
Ал эми коомдук тартип милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө.
Бишкекте майрамдык салтанаттар 20-мартта башталган, 22-мартка чейин уланат.
SUPER.KG порталы аянттагы майрамдык маанайды чагылдыруу менен сүрөт баян тартуулайт.