Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 21-мартта Ош шаарынын мэриясына оор техника, жеңил унаа жана автобустардын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэриясынын Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигине 100 даана автобус берилди. Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу сатылып алынган жаңы автобустар 25 орунга ылайыкташып, сыйымдуулугу 56 адамга чейин.
Ошондой эле шаардын ички жолдорун жакшыртуу максатында Жолдор муниципалдык ишканасы үчүн сатып алынган оор техникалар жана жол кыймылын көзөмөлдөө максатында жеңил унаалар Ош шаарынын мэриясына тапшырылды.