"Аянты 215 гектар болуп, 20 миң киши батат". Бишкекте жаңы ат майдандын курулушуна капсула салынды (видео)

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта Бишкекте өтүп жаткан көк бөрү беттешине катышып, ат майдандын курулушуна мезгил кутусун салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ат майданда көк бөрү оюндарын көрүү үчүн 10 миң орун, ал эми башкы ат майдан 20 миң орундуу болору мерчемделүүдө. Учурда көк-бөрү өтүп жаткан бул 3 миң орундуу “Ак кула” ат майданы 1947-жылы курулган. Анын аянты 57 гектар. Жаңы ат майданга 215 гектар жер бөлүнүп берилди.

Садыр Жапаров жаңы ипподром борбор шаардын батыш тарабында жайгашканын, масштабдуу иш-чараларды өткөрүүдө шаар тургундарына эч кандай тоскоолдуктар, ыңгайсыздыктар жаралбай турганын белгиледи. Ошондой эле ат майданын куруу пландарына токтолуп, күлүктөрдү 1600 метрге жана 2000 метрге чабуунун схемалары да чийилгенин белгиледи.

"Дагы бир баса белгилеп кетүүчү жагдай - ат майданынын имараты көп функционалдуу болот. Анын ичинде соода борбору, мейманкана, дүкөн, кафе-ресторан эске алынып, комплекстин жыл бою иштөөсү үчүн бардык шарттар каралган. Долбоордун алкагында көмөкчү жана чарбалык имараттар: сарайлар, устакана, ветеринардык оорукана, карантин жана башка ушул сыяктуу жайлар да салынат", - деди ал.

Мамлекет башчысы "Ак кула" деген аталышта жаңы курулуучу ат майдандын долбооруна салым кошкондорго ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, борбор калаанын Термечиков көчөсүндөгү эски "Ак кула" ат майданы буздурулуп, ордуна көп кабаттуу үйлөр куруларын президент Жапаров былтыр мартта айткан.




Видео: Президенттин басма сөз кызматы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан