Бишкекте “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери сыйланды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, калаа башчысы турак жай-коммуналдык чарба тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы жана Нооруз майрамы менен куттуктады. Жунушалиев кызматкерлерге борборубуздун ар кайсы тармактарында үзүрлүү эмгектенип, борбор шаарыбыздын гүлдөп өсүшүнө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн адистер "Эмгектин ардагери" төш белгиси, "Мыкты кызматы үчүн I, II, III даражадагы" "Тазалык" ишканасынын төш белгиси, Ардак грамота, ыраазычылык баракчалары, "Тазалык" МИнын "Мыкты жаш адиси" наамы менен муниципалдык ишкананын кызматкерлери сыйланышты.

Мындан тышкары ишкананын кызматкерлери арасында футбол боюнча турнир, аркан тартыш жана армрестлинг боюнча мелдештер өткөрүлдү.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан