Быйыл өлкөдө айдоо аянты 4 миң гектарга кеңейтилет

Быйыл өлкөдө айдоо аянттары 4 миң гектарга кеңейтилет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин дыйканчылыкты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурдин Довлетов "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда жазгы талаа иштери түштүк аймакта кызуу жүрүп жатат.

"Жазгы талаа иштери түштүк тарапта башталды. Ош, Баткен облустарында картошка, капуста эгилип жатат, былтыркы эгилген сарымсак чыгып калды. Чүйдө айдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Тоолуу аймактарда болсо кар кете электигине байланыштуу баштала элек. Былтыр жалпы айдоо аянты 1 миллион 232 миң гектар болчу, быйыл 1 миллион 236 миң гектар деп пландаштырып жатабыз. Бул жакта пайдаланылбай калган жерлерден 4 миң гектарды ишке киргизип, пайдаланууга кошуп жатабыз", - деди ал.

21.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан