Бүгүн, 21-март Нооруз майрамында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте жол коопсуздугун камсыздоодо. Бул тууралуу ЖКККББынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, айрыкча Бишкек шаарындагы майрамдык иш-чаралар учурунда жана Чүй облусунун аймагындагы ат майданында президенттин кубогуна арналган көк-бөрү оюну учурунда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап, жол тыгындарын болтурбоо боюнча иш-чараларды алып барышууда.
Азыркы тапта өлкө аймагында оор кесепеттер менен коштолгон жол кырсыгы катталган жок.