Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бонецкийдин лабораториясынын Ош шаарындагы өндүрүш филиалынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, лабораториялык диагностика кызматтары Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын жашоочулары үчүн жакын жана жеткиликтүү болушу үчүн компания өзүнүн жаңы өндүрүштүк лабораториясын Ош шаарында ачты.
Белгилей кетсек, Бонецкийдин лабораториясы менен Саламаттык сактоо министрлиги калкка жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн аракеттерин бириктирген. Биргелешкен меморандумга ылайык, мамлекеттик медициналык мекемелерден атайын жолдомо алган бардык бейтаптар лабораторияда 50 пайызга чейин арзандатуу менен анализдерди тапшыра алат.