Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган оппозициячыл саясатчы Бектур Асановго бүгүн, 21-мартта медициналык операция жасалат. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.
Алардын маалыматына караганда, операция Түркиянын Стамбул шаарындагы клиникалардын биринде шашылыш жасалмакчы.
Буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту Асановго 19-марттан 19-апрелге чейин чет жактан дарыланып келүүгө уруксат берген.
Ушул жылы 7-февралда Асановдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулганы маалым болгон. Ага 15-январда Улуттук госпиталда моюн омурткаларына операция жасалган. Андан соң 25-январда №31 дарылоо мекемесине которулган.
Эске салсак, Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген бир катар саясатчы, жарандык активисттер 2022-жылы октябрда кармалган. Алардын арасында саясатчы Бектур Асанов да бар.