Нооруз майрамы Нью-Йоркто да белгиленип, ага 11 мамлекеттин өкүлдөрү катышты

Кечээ, 20-мартта Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлчүлүгү Азербайжан, Индия, Иран, Ирак, Казакстан, Кыргызстан, Ооганстан, Пакистан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстан биргелешип уюштурган Нооруз майрамына катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Маалымдалгандай, иш-чарада Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерреш жана БУУнун 78-сессиясынын төрагасы Д.Франсис куттуктоо сөздөрүн айтышып, БУУга мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле 12 өлкөнүн туруктуу өкүлдөрү да куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Өлкөнүн БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева өз сөзүндө Нооруздун кыргыздар үчүн өзгөчө маанисин белгилеп, ошондой эле аны Кыргызстанда майрамдоо салттары менен бөлүштү.

"Иш-чарада дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө Ноорузду майрамдоо тууралуу кыскача видеороликтер көрсөтүлүп, чɵлкɵмдүн инструменталдык музыкасы, улуттук даамдар тартууланды", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан