Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамы кандай белгиленди? (репортаж) 

Кечээ, 21-мартта борбордук Ала-Тоо аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Нооруз майрамы белгиленди. Бул күндү утурлай SUPER.KG порталы майрамга келген жарандардын маанайын сурап, алардын куттуктоосун алды.

Борбордук аянтка блогер жубайлар Арген Асанов менен Аружан Бекешева да келип, Кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттукташты.

"Жалпы Кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктайбыз. Бул биздин кыргыз-казактын жаңы жылыбыз. Ушул жыл молчулуктун, токчулуктун, берекенин жылы болуп, ден соолугубыз чын болушун каалайм. Бизде майрамдык маанай сонун. Бул күн үчүн атайын улуттук кийим кийип чыктык. Эки элде Нооруз майрамын майрамдоодо айырмачылык көп деле жок. Болгону Казактарда сүмөлөк коюлбайт", - дейт блогер Аружан Бекешева.

Мындан тышкары аянттагы салтанатка жогорку кеңештин депутаттары, шаар тургундары ошондой эле чет мамлекеттен келген коноктор дагы келип күбө болушту.

Толугураак SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан