Бүгүн таксистердин эл аралык күнү. Такси тууралуу кызыктуу фактылар

Бүгүн, 22-март такси кызматында иштегендердин эл аралык күнү. 1907-жылдын ушул күнү Лондондогу көчөлдөрдө атайын эсептегичтери бар алгачкы автоунаалар пайда болгон. Эсептегичти "таксиметр" деп аташкан. Француз тилинде "такс" деген сөз акыны түшүндүрсө, "метрон" кыргызчага өлчөө деп которулат.

Ал эми французча "taxo" сөзү жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу, ошондой эле жол акысын төлөө үчүн колдонулуучу унаа дегенди билдирет. Таксилердин тарыхы 18-кылымда Францияда башталган. Дал ошол жерде Сент-Фиакрдын аты менен аталган атчан арабалар пайда болгон.

19-кылымдын аягында технологиялык прогресс ат арабаларды алмаштыра баштаган. Арабалар кыймылдаткычы жана башкаруу рычагдары менен жабдылган унааларга өзгөргөн.

Ошентип жүргүнчүлөрдү ташуунун өсүшү шаардык транспортту өнүктүрүүнү талап кылды. Талапты жарым-жартылай такси айдоочулары канааттандырып турган. Бирок тарифтерди киргизүү, тартипти башкаруу системасы, унаа токтотуучу жайларды уюштуруу керек болгон. Таксилердин пайда болушунун өбөлгөлөрү мына ушундайча иштелип чыккан.

Такси тууралуу кызыктуу фактылар:

Такси унааларынын салттуу өзгөчөлүктөрүнүн бири - алардын таанымал сары түсү. Алгач Лондондо сары эмес, жашыл жана кызыл түстөрдө болгон. Кийинчерээк башка унаалардан өзгөчө көрүнүшү жана адамдардын кыйналбай табуусу үчүн сары түстү тандап алышкан.

Дүйнөдөгү такси кызматтарынын эң кымбаты Англияда, экинчи орунда Италия, үчүнчүдө Германия турат.

Ал эми эң арзан такси - бул Кытайдагы таксилер. Ошондой эле, кытайлык такси айдоочуларынын 30-40 пайызын аялдар түзөт.

Буга чейин таксиге кардарлар төлөгөн эң чоң сумма 15 миң долларды түзгөн. Тактап айтканда, финляндиялык саякатчылар Скандинавия, Испания жана Финляндияны кыдырып, кайра артка келишкендиги үчүн төлөшкөн.

Таксиде эң көп унутулган буюм - телефон. Андан кийинки орунда капчык турат.

Эң экзотикалык такси түрү Вьетнамда иштейт. Жүргүнчүлөр таксинин ордуна пил менен жүрүү кызматынан пайдалана алышат. Бул туристтердин арасында аябай популярдуу болуп саналат.

Ал эми немец такси кызматкерлери бир гана "Mercedes" үлгүсүндөгү унааларды айдашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан