Эң бактылуу өлкөлөрдүн рейтинги: Кыргызстан канчанчы орунда?

Кыргызстан дүйнөдөгү бактылуу өлкөлөрдүн рейтингинде 75-орунда. Изилдөөнү Бириккен Улуттар Уюму 20-март — Эл аралык бакыт күнүнө карата жарыялады.

Ал эми кошуна Тажикстан 88-орунга жайгашса, Өзбекстан 47-орун, Казакстандан 49-саптан орун алган.

Белгилүү болгондой, былтыркы жылы Кыргызстан аталган тизмеде 62-орунга жайгашкан. Ал эми 2022-жылы 64-сапта болчу.

Бул жылы рейтингге жалпысынан 143 өлкө кирген. Сап башында адаттагыдай эле Финляндия турат. Бул өлкө 7 жыл катары менен алдыңкы сапты эч кимге бербей келет.

Ал эми алдыңкы ондукка кирген өлкөлөрдүн катарында Дания, Исландия, Швеция, Израиль, Нидерланд, Норвегия, Норвегия, Люксембург, Швейцария жана Австралия бар.

Рейтингди аныктоодо ИДПнын деңгээли, жашоонун узактыгы, жарандык эркиндик, коопсуздук жана келечекке ишеним сезими, үй-бүлөнүн туруктуулугу, жумуштун коопсуздугу, коррупциянын деңгээли жана кыйыр түрдө бакубатчылыктын көрсөткүчтөрү эске алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан