Жаандан улам Арча-Бешик конушундагы үйлөрдү суу каптады (фото)

Арча-Бешик конушундагы үйлөрдү суу каптап, тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-марттагы жааган жамгырдын кесепетинен 22-мартка караган түнү Манка-Жар коктусундагы селтосмодон суу ашып, Арча-Бешик конушундагы турак үйлөрдү каптаган. Жерине дароо министрликтин ыкчам тобу барган жана "Бишкек жашылдандыруу" ишканасынан 1 экскаватор, 1 КамАЗ жана 20 кызматкер тартылган.
Тактоо иштеринде Арча-Бешик конушунун Азем көчөсүндөгү 6 үйдү, Кара-Кужур көчөсүндөгү 14 үйдү, Жайыл баатыр көчөсүндөгү 4 үйдү, Шербет көчөсүндөгү 8 үйдү суу каптаганы белгилүү болгон. Анын ичинен 2 үйдүн короосуна суу толуп калган.
Бүгүн саат 12:00гө карата Азем жана Бердибаев көчөсүндөгү эки үйдүн короосундагы суу сордурулуп бүттү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан