Өлкөдө 21-24-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Алар :
- Бишкек – Ош унаа жолунун
- 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу;
- 198-260-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
- Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымы;
- Ала-Бука – Каныш – Кыя унаа жолунун 59-113-чакырымдарында Чапчыма ашуусу;
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымы Чоң-Ашуу ашуусу;
- Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымдары.
Ага ылайык, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.