Көк бөрү боюнча "Нооруз-2024" республикалык турнирин жеңүүчүлөрү аныкталды

Кечээ, 21-мартта көк бөрү боюнча "Нооруз-2024" республикалык турниринин финалдык оюндары өтүп, жеңүүчү командалар аныкталды.

Аталган турнир 12-мартта башталып, 40 команданын катышуусунда "Ак кула" ат майданында өттү. Ал эми 21-март майрамды утурлай Жогорку жана Биринчи лиганын финалдык беттештери курулушу жаңы башталган ат майданда болуп өттү. Негизинен турнирге катышкан командалар 4 лигада оюн көрсөтүштү.

Жогорку лигада көк бөрүнүн эль-класикосуна айланган "Ынтымак" менен "Достук" командалары кез келип, 3:2 эсебинде "Ынтымак" командасы жеңишке жетти. Муну менен "Ынтымак" 9-ирет (2007-2014-2017-2018-2019-2021-2022-2023-жылдар) Нооруз турнирин жеңичүүсү болуп отурат. Буга чейин күштүү делген эки команда тайпалык баскычта беттешип, оюн тең чыгуу менен аяктап, буллиттер сериясында Достук командасы 4:3 эсеби менен жеңишти илип кеткен болчу. Бирок жарым финалдык оюндарда каршылаштарын жеңген эки команда кайрадан финалда кезигип калышты. Ал эми 3-орун үчүн "Сары-Өзөн", "Мурас" командалары атаандаш болду. Мында оюн 8:1 эсеби менен Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасынын пайдасына жыйынтыкталды.

Ошондой эле 21-мартта Биринчи лиганын финалдык оюну орун алды. Финалда "Намыс" жана "Кара-Кулжа" командалары беттешип, 3:0 эсебинде "Намыс" командасы утуп алды. Ошентип Биринчи лиганын чемпиону аталган "Намыс" эми Жогорку лиганын катарында оюн көргөзүп баштайт. Ал эми Биринчи лиганын 3-оруну үчүн "Алтын-Альянс" менен "Улар" командалары кез келди. Бул оюнда эсеп саны 2:2 менен аяктап, кошумча берилген 10 мүнөттө "Алтын-Альянс" 1 улак салуу менен каршылашын жеңип кетти.

Экинчи жана Легандалар лигасынын финалдык оюндары 20-мартта "Ак кула" ат майданында өткөрүлдү.

Алгач Легендалар лигасынын финалдык оюну орун алып, анда "Сары-Өзөн", "Талас" командалары кездешти. Бул оюнда 6:3 эсеби менен "Сары-Өзөн" командасы Нооруз турниринин чемпиону аталды. Ал эми "Жети-Дубан" командасы тайпалык беттеште оюн талаасын таштап кеткени үчүн турнирден четтетилип, "Чүй" командасы беттешсиз эле 3-орунду ээледи.

Бул күнгө Экинчи лиганын финалдык оюндары дагы туура келип, 3-орун үчүн "Кара-Шоро" жана "Манас-1" командалары кездешти. 3-1 эсебинде "Манас-1" 3-орунду камсыздады. 1-орун үчүн "Ак-Илбирс" менен "Талас" командалары ойношуп, 7:6 эсебинде "Ак-Илбирс" командасы Экинчи лиганын чемпиону болду. Бул жеңиши менен "Ак-Илбирс" командасы Биринчи лигага сапар алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан