Эртең, 23-мартта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору маалымдайт.
Абанын температурасы:
Чүй жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17 даража,
Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +9…+14 градус болсо,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20га чейин жылыйт.
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 0…+5, күндүз +6…+11,
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…+10.
Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +7…+15 градус жылуу болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.