Бишкекте жол тескөөчүлөр мечитке келгендерден унааны туура токтотууга чакырды

Бишкек шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы мечитке жума намазын жана таравих намазын окуу үчүн келгендерди автоунаасын туура жерге токтотуп, башкаларга ыңгайсыздык жаратпоону суранды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык, учурда орозо айында жума намазга жана тарава намазына байланыштуу шаардагы айрым мечиттерге жакын көчөлөрдө жол тыгыны пайда болууда. Мындан улам мечиттердин айланасында инспекторлор жол тыгындарды жөнгө салып жатат. Максаты - орозо маалында жарандардын коопсуздугун камсыздап, ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү.

Эске салсак, 11-мартта башталган ыйык Орозо айы 10-апрелде Айт майрамы менен жыйынтыкталат. Айдын чыгышына карап, бир күнгө айырмаланышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан